Биз социалдык тармакта

Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 18-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевге тез арада толугу менен сакайып кетишин каалады. Жээнбеков ак ниет коңшулукка, стратегиялык өнөктөштүккө жана шериктештикке негизделген кыргыз-казак кызматташтыгынын өнүгүшүнө Нурсултан Назарбаевдин кошкон салымын өзгөчө баса белгиледи.

Ошондой эле тараптар эки өлкө коронавирус инфекциясынын кесепеттерин жарандардын өмүрү менен саламаттыгын коргоого багытталган бергелешкен күч-аракеттер, ошондой эле эки мамлекеттин экономикасын колдоо менен гана жеңип чыгарын белгилешти.

Казакстандын биринчи президенти 79 жаштагы Нурсултан Назарбаевден коронавирус инфекциясы аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
ZUXRIDDIN20
2020-06-18 23:16:27
Ишенбей турам. Кантип эле чоң мансаптагыларга эле тиет вирус. Атайын эле уюштурулгандай..
+1
ZUXRIDDIN20
2020-06-18 23:16:27
Ишенбей турам. Кантип эле чоң мансаптагыларга эле тиет вирус. Атайын эле уюштурулгандай..
0
Adi010891
2020-06-19 10:04:21
ZUXRIDDIN20,алар эмне особый жан беле оорубагыдай?
0
Tolkun555
2020-06-19 12:58:21
Соке этият бол.жугуп калбасын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан