Биз социалдык тармакта

Финансы министрлиги: "Кыргыз өлкөсүнүн бюджетин колдоого донорлордон 291 миллион доллардан ашуун каражат алынды"

Быйылкы жылдын 17-июнуна карата бюджетти колдоого Эл аралык валюта фондунан жана Азия өнүктүрүү банкынан жалпысынан 291 миллион доллардан ашуун каражат алынды. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул тапта Азия өнүктүрүү банкы 2020-жылы Кыргыз Республикасын колдоо үчүн иш-аракеттер саясатынын негизинде максаттуу насыялоо же башка насыялоо аркылуу кошумча каржылоо тууралуу маселени карап жатат. Андан тышкары Азия өнүктүрүү банкы 20 миллион доллар саламаттык үчүн пандемиянын кесепеттерин азайтуу боюнча өлкөнүн потенциалын жакшыртуу үчүн көмөк көрсөтүү максатында чукул долбоордук жардам түрүндө сарптамай болууда.

"Дүйнөлүк банктан 12 миллион 15 миң долларды алуу тууралуу макулдашууга кол коюлуп, аны ратификациялоо жөнүндөгү тийиштүү мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынды. Андан тышкары "Кыргыз өлкөсүндөгү жаратылыш кырсыктарына туруктуулукту жогорулатуу" долбоорунан 9 миллион доллар COVID-19 глобалдык пандемиясы менен байланышкан жабдууларды жана дары-дармектерди тез арада сатып алууларга кайра бөлүштүрүлүүдө. Бүгүнкү күндө 8 миллион 100 миң долларга медициналык жабдуу сатып алынды. Ошентип Дүйнөлүк банк бүгүнкү күнгө карата 21 миллион өлчөмүндө жардам бермекчи. Андан тышкары Дүйнөлүк банк жалпы суммасы 100 миллион долларды түзгөн эки долбоорду даярдап жатат. Бул долбоорлор калктын социалдык жактан аярлуу катмарын колдоого, ошондой эле жеке секторду колдоого жумшалмакчы", - деп жазылат маалыматта.

Кыргыз мамлекети COVID-19 илдетинин жайылышы менен байланышкан каатчылык мезгилинде алгачкы жолу Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы менен жеке секторду колдоо үчүн 50 миллион доллар суммасында финансылык каражаттарды тартып келүү боюнча консультацияларды жүргүзүүдө.

Европа биримдиги менен бюджеттик колдоо түрүндө 33 миллион 900 миң доллардын тегерегинде каражат бөлүү маселеси талкууланууда. Бул маселени талкуулоо процессинде аталган сумма Европа биримдигинин жетекчилигинин чечимине ылайык өзгөрүп кетиши мүмкүн.

Экономикалык колдоо багыты боюнча, атап айтканда чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн Германия өнүктүрүү банкы (KfW) 30 миллион долларды өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн кайра багыттоого макул болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
d07
2020-06-18 21:01:50
Бул акча баары эми мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгы учун иштелсе жакшы, жеке чонтокторго тушуп кетпей
-1
States
2020-06-19 04:52:44
Бул акчалар каяака кетет болду экен. Коррупция биздин тубубузго жетти . Ушул шайлоо биздин акыркы мумкунчулугубуз. Эгер добушунарды сатпай тууган тушкан уруу тааныш дебей туура кишилерге добуш бергиле бул биздин акыркы мумкунчулугубуз
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан