Бүгүн, 18-июнда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп Нурбек Сыдыгалиев шайланды.
Ал "Ата Мекен" фракциясынын депутаты. Анын талапкерлигине 80 депутат "макул", 1 эл өкүлү "каршы" деп добуш берди.
Нурбек Сыдыгалиев быйыл январь айынын ортосунда депутат болуп келген.