Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңеште аскер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнүн кызмат өтөө шарттарын жакшыртууга багытталган мыйзам долбоору каралды.
Мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда депутаттар чек арачылардын социалдык-экономикалык шарттарын камсыздоо, чек арачылардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн социалдык кепилдиктери жөнүндөгү суроолорду беришти. Анткени алардын кээ бир чек ара заставаларындагы иштөө жана жашоо шарттары татаал. Чек арачылардын айлык акыларын жогорулатуу маселеси да көтөрүлдү.