Биз социалдык тармакта

Токмок аймактык жана Чүй райондук ооруканасына жергиликтүү тургун жасалма дем алдыруучу 4 аппарат алып берди

Токмок шаардык мэриясы маалымдагандай, Токмок аймактык ооруканасынын техникалык базасы кечээ, 18-июнда жасалма дем алдыруучу аппарат менен толукталган.

"Жергиликтүү тургундардын бирине бул үчүн ыраазычылык билдирсек болот. Ал аппараттын бардык чыгымдарын өзү көтөрдү. Коронавирус инфекциясы жайылып жаткан ушул тапта бул абдан зарыл болгон жабдык. Мындан тышкары ал Чүй райондук ооруканасына дагы жасалма дем алдыруучу 2 аппарат алып берди. Мунун жалпы баасы 1 миллион 234 миң сомду түздү", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан