Тез арада алынуучу паспорттордун баасы төмөндөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев онлайн маалымат жыйын учурунда билдирди.
Анда 3 саатта даяр болчу ID-паспорттун баасы мурда 935 сом болсо, азыркы баасы 652 сом болуп калганы айтылды. Мындан тышкары жалпы жарандык паспорттун баасы 1 миң 750 сомго чейин төмөндөтүлгөн. Мындай тарифтер 2020-жылдын 17-майынан баштап иштеп баштаганы белгилүү болду.