Ош шаарындагы базарлар бир күнгө жабылат. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 22-июнь күнү Ош шаарынын борбордук базары, “Келечек” базары бир күнгө жабылып, дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт. Мындан тышкары кичи базарлар да дезинфекцияланат. Бул боюнча Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов тиешелүү кызматтарга тапшырма берди. Шаардагы базарларда санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, рейддер өтүүдө.
Базарларда бет капсыз жүргөн адамдардын саны көбөйүп, кайдыгерлик орун алууда. Ош шаарынын мэриясы жарандарды санитардык-гигиеналык талаптарды сактоого чакырат.