Премьер-министр Кубатбек Боронов жакында эле тартылган Өкмөт үйүнүн алдындагы сүрөт боюнча түшүндүрмө берди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
"Баарыңарга белгилүү болгондой, ошол күнү Жогорку Кеңеш мени премьер-министр катары жана өкмөттүн курамын бекиткен. Парламент жыйынына катышкандан кийин Өкмөт үйүнө жумушка бардык. Салт болуп калгандай эле, фракция лидерлери жана президенттик аппараттын жетекчиси менен биргеликте премьер-министрдин иш бөлмөсүнө бардык. Алар кеткенден кийин Мухаммедкалый Дүйшекеевич (ред. Мухаммедкалый Абылгазиев) экөөбүз документтерди карап, жумуш тууралуу бир аз сүйлөштүк. Андан кийин мурдагы премьер-министрди узатуу үчүн сыртка чыгуубузду өтүнүштү.
Коридордо өкмөт аппаратынын бир топ кызматкерлери туруптур. Алардын баары бет кап тагынып турушкан. Бизге сыртка чыгып, сүрөткө түшүүнү сунуш кылышты. Сүрөткө түшүү маалында бизге бет каптарды чечип турууну өтүнүштү. Ошол учурда буга маани бербегениме өкүнүп жатам. Дал ошол учур акыркы алты ай ичиндеги бардык иштерибизге көлөкө түшүрдү. Албетте, биз коомчулуктун катуу сынына кабылдык. Бул туура", - деди өкмөт башчы.
Кубатбек Боронов премьер-министр жана коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын башчысы катары бардык кыргыз элинен кечирим сурады.
Ал тартылган түзүмдөр бул илдет менен күрөшүүнү улантарын эскертип, жарандарга негизги талаптар - бет кап тагынуу жана социалдык аралыкты сактоону кармануу зарылдыгын эскертти.
"Коопсуздук кеңеши өз сунуштарын берди жана биз төмөнкү чечимге келдик. Мыйзамга өзүмдөн тартып вице-премьер-министрлер, аппарат жетекчиси жана мурдагы премьер-министр айып пул төлөшөт. Аппараттын кызматкерлерине айып пул салынбайт, анткени аларды иш учурунда бөлүм башчылары экс-премьерди узатууга чакырышкан. Ошондуктан алар жазаланышпайт. Өкмөттүн аппаратынын кызматкерлери жумушта бет кап тагынып жүрүшөт деп ишендирип кетем. Дагы бир жолу кечирим сурайм", - деп жыйынтыктады премьер-министр Кубатбек Боронов.