Президент Сооронбай Жээнбеков жума сайын коронавируска тест тапшырып жатат

Президент Сооронбай Жээнбеков жума сайын коронавируска тест тапшырып жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына президенттик аппараттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, президенттик аппараттын 60 пайызынан ашык кызматкери аралыктан иштешүүдө. "Жумуш ордунда иштеп жаткан кызматкерлер да жума сайын коронавируска тест тапшырып жатышат. Санитардык-эпидемиологиялык талаптардын бардыгы аткарылууда", - деп айтылат маалыматта.

Интернет колдонуучулардын бири президент Сооронбай Жээнбеков 10-11-июнда Ош облусуна иш сапар менен барганда, Аравандын акими коштоп жүргөн деп жазган.

Бүгүн Ош облусундагы Араван районунун акими Курманбек Айтибаевден коронавирус инфекциясы аныкталганы белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан