Коопсуздук кеңешинин чакан курамдагы жыйынынын жыйынтыгы менен бир катар чечимдер кабыл алынды

Коопсуздук кеңешинин айрым мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусу менен өткөн чакан курамдагы жыйынынын жыйынтыгы менен бир катар чечимдер кабыл алынды. Бул тууралуу бүгүн, 19-июнда президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Коопсуздук кеңеши өлкөнүн учурдагы эпидемиологиялык кырдаалы боюнча маселени карап чыгып, төмөндөгү чечимдерди кабыл алды:

  1. Вице-премьер-министр Аида Исмаилованын, саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун маалыматы эске алынсын.
  2. Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча ишке тартылган мамлекеттик органдардын иши жетишсиз деп таанылсын.
  3. Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча иши жетишсиз деп таанылсын.
  4. Премьер-министр Кубатбек Бороновго 22-июнга чейинки мөөнөттө коронавирус инфекциясынын жайылышы менен байланышкан эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына жол бергендиги үчүн өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн тартип жоопкерчилигин кароо сунушталсын.
  5. Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов Коопсуздук кеңештин сунуштамаларын жана Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча оперативдүү штабдын чечимдерин өз убагында аткарбоого жол берилбестиги жөнүндө эскертилсин.
  6. Өкмөткө төмөнкүлөр сунушталсын:

2020-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө:

  • Коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөөгө багытталган чараларды ишке ашырууну караган Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын январынан тартып апрель айында кабыл алынган чечимдерин аткаруу;
  • Коронавирустук инфекция менен ооругандарды госпитализациялоо үчүн жасалма дем алдыруучу аппараттар, жеке коргонуу каражаттары жана дары-дармектер менен жабдылган кошумча койкаларды жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн кароо;
  • Кыргыз Республикасынын аймагында эпидемиологиялык көзөмөлдү талаптагыдай камсыз кылуу;
  • Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдын курчушуна чара көрүү системин өркүндөтүү боюнча чараларды кабыл алуу;
  • 2020-жылдын 1-августуна чейинки мөөнөттө төмөнкүлөрдү жеткирүүнү камсыз кылуу:
  • 12 айга бардык муктаждыктарды канааттандырган жеке коргонуу каражаттарын жана дезинфекциялоо каражаттарын;
  • Коронавирус инфекциясын аныктоо боюнча анализдерди жүргүзүү үчүн, алардын запастарын ар дайым толуктап туруу менен жетиштүү сандагы тест-системдерин;
  • Коронавирустук инфекциянын таралышын алдын алууга багытталган, анын ичинде медициналык кызматкерлерге компенсацияларды өз убагында төлөө менен байланышкан бардык иш-чараларды толук каржылоону камсыз кылуу;
  • Кыргыз Республикасынын калкын келип жаткан гуманитардык жана финансылык жардамдын көлөмү жана саны, аларды бөлүштүрүү жана максаттуу пайдалануу жөнүндө туруктуу негизде маалымдап туруу;
  • Үч күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасында туристтик сезон мезгилинде эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылууга багытталган иш-чаралар планын жана тиешелүү иш-аракеттер алгоритмдерин бекитүү;
  • Калкты массалык түрдө камтуу принциби боюнча сасык тумоого каршы профилактикалык эмдөө жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн кароо;
  • Маданий-массалык иш-чараларды өткөрүүгө, салтанаттуу (үйлөнүү той, туулган күн жана башка) жана эскерүү иш-чараларына көп сандаган конокторду чакырууга тыюу салууну күчүндө калтыруу;
  • Тобокел тобунда болгон пенсиялык курактагы адамдардын арасында өзүн-өзү обочолоо зарылдыгы жөнүндө кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, ошондой эле жарандарга коомдук жайларда көп адамдар менен чогулбоону, медициналык бет кап кийүү режимин, социалдык аралыкты сактоону сунуштоо.
  1. Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарына, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына төмөнкүлөр сунушталсын:
  • "Жарандык коргонуу жөнүндө", "Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө" мыйзамдарынын жана өзгөчө кырдаал режиминин алкагында тапшырылган аймактарда эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына жол бербөөгө багытталган тиешелүү чечимдерди кабыл алуу;
  • Коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүнү күчөтүү, анын ичинде бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды жана сунуштамаларды милдеттүү түрдө катуу сактоо жөнүндө калк арасында пропагандалоону активдештирүү;
  • Өзгөчө кырдаал режиминин шарттарында санитардык-эпидемиологиялык талаптарды бузгандарды аныктоого багытталган иш-чараларды ишкердик субъекттердин арасында туруктуу негизде жүргүзүп туруу;
  • Коомдук транспортко элди 60-70 пайыздан ашырбай салууга жана анда медициналык бет каптардын милдеттүү түрдө колдонулушуна мониторинг жүргүзүү иштерин күчөтүү.
  1. Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине төмөнкүлөр сунушталсын:

төмөнкүлөрдү көбөйтүү:

  • Квалификациялуу медициналык кадрлардын резервин;
  • Келип түшкөн чакырыктарга ыкчам чара көрүү үчүн мобилдик бригадалардын жана "Тез жардам" автоунааларынын санын;
  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте жарандар көп чогулган жерлерде (соода-рыноктук комплекстер, коомдук тамактануучу жайлар, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар) контактсыз термометрияны жүргүзүү менен «кирүү фильтрин» уюштуруу.
  1. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине төмөнкүлөрдү камсыз кылуу сунушталсын:
  • Эпидемиологиялык кырдаалы начар өлкөлөрдөн келип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын саны көбөйгөн учурда обсервациялоо үчүн кошумча орундарды;
  • Жогорку даярдыкта жана өзгөчө кырдаалда обсервацияга алуу менен убактылуу башпааналатуу шартында адамдарды күтүү жана кошумча жайларды ачуу боюнча туруктуу иштеген механизмдерди иштеп чыгуу.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан