Биз социалдык тармакта

Ырчы Айбек Карымовдун кармалганы айтылган. Бирок бул маалыматты анын жубайы төгүндөдү

Ырчы Айбек Карымов Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тарабынан кармалганын айрым маалымат булактары жазып чыккан.

Анда Айбек Карымов Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын 4 жетекчиси менен кармалганы жазылган. Карымов коммерциялык фирманын жооптуу кызматкери катары мамлекеттик сатып алууларга байланыштуу мыйзамсыз аракеттерге шектелип кармалганы айтылган.

Бул маалымат чыккандан көп өтпөй анын жубайы, ырчы Гүланда маалыматты төгүндөп, достору менен отурушканын айтып, видео жарыялады. Айбек Карымов: "Эки күн жайлоого кетип калсам, элдин баары мен жөнүндө интернетке маалыматтарды жайнатып жибериптир. Менин тагдырымды ойлогон досторума, күйөрмандарыма ыраазычылык айтам", - деди.

Айбек Карымов финпол тарабынан кармалды деген маалыматты анын жубайы төгүндөдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Aimani
2020-06-20 01:29:15
Бизде коррупция укмуш да. Сизодон чыгарып келип эл көзүнө видео тартып койгондой сезилди мага.
+16
Syimyk.isaev
2020-06-20 09:32:36
Aimani, ошондой эле кылыптыр,алдында алгылыктуу тамак деле жокго.
+7
Dani
2020-06-20 14:10:06
Aimani,шашылыш Бир коланы алып уюштура коюптур Айбек онунон кетип калыптыр
+4
Mamiev
2020-06-20 03:41:58
Баары жакшы баары жайында баары алдыда буюрса акырын акырын көтөрүлүп көп көптөн жеп анан...деп койбодун даа
+8
isarti
2020-06-20 08:30:55
Бир нерсе болбосо бир кептин чыгышы деле кыйын го. Куноон жок болсо деле актаныштын зарылчылыгы жок элге Айбек мырза!!!
+13
Eden-Hazard
2020-06-20 08:48:06
Кебетеси башкача го
+6
Bars88
2020-06-20 09:47:49
Бере турганын берип чыкты да.Болбосо кимдер жазды баарын ызылдатмак миллион компенсация бересинер каралаганынар учун деп отуратго жон эле момоюп
+8
al79mi
2020-06-20 13:57:34
Гуланда эмне мынча жасалма суйлойсун?! Бейне строй фирманар жонундо эмне айтпайсын?! Лифттердин акчасын жеп алып башкаларды каматып коюп уялбай отурат го эрин! Кудай таразалайт!
+8
munduz2016
2020-06-20 19:38:04
Аман болсонор болду каерде болсонор да)))
0
Jamalym
2020-06-20 20:06:01
Жөндөн жөн бул сөз чыкпайт.Демек алардын "оозун майлап" чыкты го э.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан