Кийинки аптада Жогорку Кеңеште Улуттук банктын отчёту каралат

Кийинки аптада Жогорку Кеңеште Улуттук банктын отчёту каралат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, отчёт 24-июнда каралат.

Буга чейин Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында Улуттук банктын отчёту каралып, колдоо тапкан.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов акча-насыя саясатына жана каржылык-насыялык уюмдарды жөнгө салуу чөйрөлөрүнө тиешелүү абалды баяндаган. “2019-жылы Кыргыз өлкөсүнүн эл аралык резервинин көлөмү тарыхый жогору чекке жетип, 2 миллион 400 миң долларды түздү”, – деген Толкунбек Абдыгулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан