Биз социалдык тармакта

Билим берүү министри быйыл жогорку окуу жайлар абитуриенттерди онлайн форматта кабыл алыша турганын айтты

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков быйыл жогорку окуу жайлар абитуриенттерди онлайн форматта кабыл алыша турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 20-июнда онлайн брифингде билдирди.

"Балдардын ортосундагы өз ара байланышты чектөө максатында онлайн режиминде кабыл алууну жүргүзөбүз. Министрликтин атайын порталы ишке кирет. Бир аптадан кийин бардык абитуриенттерге түшүндүрүү иштерин баштайбыз. Атайын видеороликтер даярдалып жатат. Ар бир абитуриент Жалпы республикалык тесттен алган баллдын негизинде үйүндө отуруп, жогорку окуу жайлардын электрондук дарегине кирип, сынакка катыша алат", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ZUXRIDDIN20
2020-06-20 13:48:40
Ошондо окуу деле онлайн болуп. Окуу жайлар ачылбайбы
+2
elmira.
2020-06-20 15:46:09
Ана башталды...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан