Премьер-министр Кубатбек Боронов Коопсуздук кеңешинин чечими сапаттуу жана өз убагында аткарылышы керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 20-июнда онлайн маалымат жыйынында билдирди.
"Ар бир мамлекеттик орган жана ар бир облус күзгү-кышкы мезгилине карата комплекстүү даярдык чараларын ишке ашырууга тийиш. Бул ооруп калгандардын санынын көбөйүшүнө медициналык мекемелердин жана экономикалык ишмердиктин ар кандай багыттагы иштерине да даяр болушуна тиешелүү”, - деди Кубатбек Боронов.