Биз социалдык тармакта

Боронов: "Региондордо кырдаалды көзөмөлдөө боюнча иштер толук кандуу жүргүзүлбөй жатат"

Премьер-министр Кубатбек Боронов региондордо кырдаалды көзөмөлдөө боюнча иштер толук кандуу жүргүзүлбөй жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 20-июнда онлайн брифингде билдирди.

Өкмөт башчы министрлер кабинетинин иш-аракеттеринин негизги маселелери болуп коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө экенин белгиледи.

Анын айтымында, коронавирус пандемиясына байланыштуу социалдык-экономикалык жана эпидемиологиялык кырдаал курчуп баратат. Коронавирус илдети боюнча эпидемиологиялык кырдаалдын начарлоосуна мамлекет толук даярдыгын камсыздоо керек. "Күн сайын Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда жарандар коронавирустук инфекцияны жугузуп алуу учурларынын көбөйүшү байкалууда. Региондордо кырдаалды көзөмөлдөө боюнча иштер толук кандуу жүргүзүлбөй жатат. Коопсуздук Кеңешинин отурумунда белгиленгендей, облус башчылары ишенип берилген аймактардагы эпидемиологиялык абал үчүн жеке жоопкерчилик тартышат", - деп билдирди Кубатбек Боронов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Agayu
2020-06-20 16:05:31
Боронов ага башка нерселерге да конул бурунуз, Коронавирус ка конул бургандай.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан