Өлкөдө 108 миң 765 ПЦР-тест бар экени айтылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, тесттерди алып келүү иштери келишимдин негизинде улантылууда. ПЦР-тест жетиштүү. "Биз кошумча ПЦР-машина, жабдыктарды алып жатабыз", - деди ал.