Келерки аптада эгер көпчүлүк депутаттын анализи жакшы чыкса, Жогорку Кеңештин жыйындары өтөт

Келерки аптада эгер көпчүлүк депутаттын анализи жакшы чыкса, Жогорку Кеңештин жыйындары өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Бир депутаттан коронавирус аныкталды. Башка эл өкүлдөрүн да ПЦР-тесттен өткөрүү боюнча иштер башталды. Келерки аптада эгер көпчүлүк депутаттын анализи жакшы чыкса, Жогорку Кеңештин жыйындары өтөт. Бирок сырттан адистер, маалымат каражаттарынын өкүлдөрү киргизилбейт. Басма сөз кызматынын эки кызматкери шаршемби жана бейшемби күндөрдөгү жыйындарды "Пирамида" телеканалынан жана kenesh.kg сайтынан түз эфирге чыгарат. Комитет, фракциялардын жыйындарын, тилекке каршы чагылдыра албайбыз", - деп жазды Нуракун уулу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан