Чүй облусу боюнча коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында дезинфекциялоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-июнь күнү облус боюнча 41 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, иш-чарага 18 куткаруучу тартылган. Дезинфекциялоо иштери уланууда.