Биз социалдык тармакта

Бүгүн мектеп бүтүрүүчүлөрү Жалпы республикалык тест тапшырып жатышат

Бүгүн, 21-июнда мектеп бүтүрүүчүлөрү Жалпы республикалык тест тапшырып жатышат.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков билдиргендей, Жалпы республикалык тестирлөөдө бүтүрүүчүлөр 21-июнда негизги тести тапшырышат. Ал эми 22-июнда предметтик сабактар боюнча тест тапшырышат. ЖРТны өткөрүү үчүн 117 борбор даярдалып, санитардык талаптар катуу көзөмөлдөнөт.

Тестирлөөнүн экинчи этабы 24-25-июнда өткөрүлөт. Ар кандай себептерге байланыштуу каттоого жана тестирлөөгө катыша албай калган окуучулар 11-12-июлда катыша алышат. Ал эми тесттин жыйынтыктары 13-19-июль күндөрү белгилүү болот.

Бул жылы ЖРТга катышуу үчүн 41 миң 727 абитуриент каттоодон өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан