Москвадан Бишкекке 431 Кыргыз жараны кайтып келди. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Алардын ичинде кичинекей балдар дагы бар. Кайтып келүүнү каалаган жарандардын саны көп болгондуктан, атайын комиссия карап чыккан. Тизме кош бойлуу жана кичинекей балдары бар аялдардын, оор илдети бар адамдардын кайрылууларынын негизинде жүргүзүлгөн.
Жарандар обсервацияга жатышат.