Биз социалдык тармакта

Өкмөт Тажикстан менен Памирдеги кыргыздарга жардам жөнөттү

Кыргыз өкмөтү Тажикстандын Жерге-Тал районундагы жана Ооганстандагы Чоң жана Кичи Памирдеги этникалык кыргыздарга жардам жеткирди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн буйругуна ылайык, ушул жылдын 21-июнунда Тажикстан Республикасынын Тоолуу-Бадахшан облусунун Мургаб жана Лахш (Жерге-Тал) райондорунда жашап жаткан этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүү максатында министр Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде ӨКМ тарабынан жүк ташуучу 9 автоунаасына жардам жүктөлүп, жолго чыкты.

Лахш (Жерге-Тал) району:

- 100 тонна биринчи сорттогу буудай уну;

- 2000 даана одеяло;

- 300 куту тазалык каражаттары.

Мургаб району:

- 100 тонна биринчи сорттогу буудай уну;

- 2000 даана одеяло;

- 250 куту тазалык каражаттары.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жогорудагы буйругуна ылайык, Ооганстан Ислам Республикасынын Чоң жана Кичи Памиринде жашап жаткан этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүү максатында ӨКМ тарабынан 4 бирдик жүк ташуучу автоунаасына жардам жүктөлүп жөнөтүлдү.

Чоң-Памир:

- 12,5 тонна биринчи сорттогу буудай уну;

- 500 даана одеяло;

- 100 куту тазалык каражаттары;

- 5 тонна жергиликтүү күрүч;

- 1250 литр өсүмдүк майы;

- 10 куту медикаменттер.

Кичи-Памир:

- 12,5 тонна биринчи сорттогу буудай уну;

- 500 даана одеяло;

- 100 куту тазалык каражаттары;

- 5 тонна жергиликтүү күрүч;

- 1250 литр өсүмдүк майы;

- 10 куту медикаменттер.

"Гуманитардык жардамды коштоо үчүн экспедицияны ӨКМнын Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун башчысынын орун басары, полковник Алмаз Рыскелдиев координациялайт", - деп маалымдашты ӨКМдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jyldyz16
2020-06-22 09:10:29
Кандай жакшы, ушул Жергетал районуна мектепте окулуучу китептерденда жардам кылышса болмок. Биздин мектептерде окулбай жаткан ашыкча китептер толтура. А аларда китеп жетишпейт. 100 пайыз кырыз тилинде Кыргызстандын порограммасы менен окушат, бирок китеп жетишпейт экее
+4
ZUXRIDDIN20
2020-06-22 09:42:11
Жакшы кылыпсыңар.коңшу өлкөлөрдөгү мектептерге да китеп жана кыргызча окуу куралдарын жеткирип бергиле Тажикстанда деле кыргыз класстар мектептер кыйла бар бирок шарайыт ар жакшы эмес. Өзбекстанда деле кыргыз класстар мектептер көп. Бирок кыргызча окуу куралдар бираз жетишсиз. Андижандагы улуттук университетинде да кыргыз адабияты факултети бар.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан