Коронавирус пандемиясы дүйнөдөгү бардык адамдардын жашоосуна өзгөртүүлөрдү киргизди жана бул көрүнүштөн Кыргыз мамлекети да четте калган жок. Өлкөгө карантин киргизүүгө мажбур болгондон кийин экономикалык каатчылык күчөдү. Өкмөт бизнестеги бардык жаралган көйгөйлөрдү чечиши керектей сезилген, бирок ал иштер ушул кезге чейин өтө жай жүрүп жатат. Бийлик мурунку экономикалык кризистер сыяктуу эле өлкөдөгү ишкерлер бул жолу да өздөрүн оор абалдан куткарып алышат деп үмүт кылууда.
Жаз айындагы иштин айласыздан токтоп турушу айрым ишкерлер үчүн көйгөй болуп калды. Бирок башкалар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты. КБК (Кыргыз бизнес курамасы) долбоору ушундан улам пайда болду.
КБК деген эмне? Бул долбоордун автору ким?
КБК - бул Кыргыз бизнес курамасы, анын авторлору өлкөдөгү белгилүү ишкерлер. Техникалык жактан алганда, бул ишкерлердин коомдук бирикмеси, анын ар бири өз ишинин мыктысы. Долбоордун курамы чындыгында күтүүсүз болду.
Алар кимдер?
Аскар Салымбеков - меценат, коомдук ишмер жана "Дордой" ассоциациясынын башчысы.
Тимур Файзиев - "Elite House" курулуш компаниясынын негиздөөчүсү жана ээси, коомдук ишмер, бизнес-коуч.
Нышан уулу Зарылбек - "Secom" борборлорунун кожоюну, KMAX жана KTS’тин негиздөөчүсү жана ээси, коомдук ишмер, бизнес-тренер жана активист.
КБК долбоорун түзүү идеясы жогорудагы адамдардын бардыгы карантинде отуруп калып, 30 күндүн ичинде өлкөнүн өнүгүүсү үчүн финансылык ресурстарды, мыкты идеяларды жана мүмкүнчүлүктөрдү бириктирүү концепциясын иштеп чыгууда пайда болду. Эми бул үч ишкер бир нече долбоорлорду даярдашты. Бирок алар жөнүндө кийинчерээк айтып беребиз.
КБК - бул ар бир адам мыкты идеясын жүзөгө ашырууда ар тараптуу колдоо ала турган жер. Бул консультация жана каржылык да салым болушу мүмкүн.
КБК долбоорунун негиздөөчүлөрү долбоорлорду ишке ашыруунун жолдорунун бири бул мамлекеттик-жеке өнөктөштүк деп билишет. Бул өтө жакшы инструмент. Бирок Кыргыз өлкөсүндө анын өнүгүшү өз мүмкүнчүлүктөрүнөн азырынча артта калууда.
"Биз мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн системасын түп-тамырынан кайра карап чыгышыбыз керек. Башка өлкөлөрдө МЖӨ экономикалык өнүгүүгө кубаттуу түрткү берген эң маанилүү багыттардын бири. Тилекке каршы, бизде эгемендүүлүк жылдар ичинде 5 чакан долбоорду ишке ашырдык. Мына бул жерде бизде эбегейсиз зор потенциал бар. Биз башка өлкөлөрдүн тажрыйбасына таянып, бир канча миллиардга бааланган долларлык долбоорлорду ишке ашырышыбыз керек. Ушул убакка чейин мамлекеттик кызматкерлердин мындай масштабдуу кадамдарды жасоого эрки болгон жок", - деди Аскар Салымбеков.
Бирок бизнести тартуу учурунда бардык тармактарда ар кандай долбоорлорду өнүктүрүү керек болот. Азыркы учурда КБК айыл чарба, билим берүү, мамлекеттик ипотека, маданият жана искусство, топтоочу инвестициялык фонд, пайдалуу кендер, энергетика, ЖАМК жана саламаттыкты сактоо жана башка тармактарды карап жатат.
"Мисалга биз эскилиги жеткен оорукананын ордуна жаңы, заманбап оорукананы куруу керектигин айталы. Бул оорукана болушу керек. Ал жерде бардык адамдар түрдүү оорудан дарылана ала тургандай болушу шарт, бейтап шаар кыдырып жүрбөшү керек”, - деди Тимур Файзиев.
Нышан уулу Зарылбек ооруканалардын жанында медициналык университеттерди уюштуруу пландаштырылып жатканын жана студенттер келечекте иштей турган жеринин жанында эле окуй алышарын кошумчалады.
2025-жылга чейинки максаттар
Мыкты долбоорлорду издөөдөн тышкары, долбоорлор менен инвесторлордун ортосунда байланыш түзүлүшү керек. КБК маалымат дүйнөсүндө өзүн-өзү илгерилетүүнү да пландаштырууда. Бул үчүн КБК Медиа уюму түзүлөт. Анын ичине бизнес-портал, маалымат агенттиги, телекөрсөтүү жана башкалар кирет.
КБКнын негиздөөчүлөрү өз максаттарын амбициялуу дешкени менен бул максаттар алардын айтымында, коркунучтуу деле эмес. Эң негизгиси, иш тажрыйбалары жана мүмкүнчүлүктөрү кеңири болгон ишкерлердин күчүн бириктирүү.
Ушул иш-аракеттердин натыйжасында КБКнын негиздөөчүлөрү 2025-жылга чейин негизги көрсөткүчтөргө жетүүнү пландаштырууда. Алар: 10 улуттук долбоор, 100 ири тышкы инвестор, ар бир тармакта 100 мыкты адис, 1 миң социалдык долбоор, 10 миң жаш лидер жана 1 миллион адис.