Биз социалдык тармакта

"1-июлда митинг болот" деген билдирүүнү тараткан жарандын ким экени аныкталды. Ага карата сотко чейинки кылмыш иши ачылды

Мессенжерлер аркылуу "1-июлда митинг болот" деген билдирүүнү тараткан жаран табылып, сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасаган аудиону Балыкчы шаарынын, учурда Чүй облусунун жашоочусу 1981-жылы туулган жаран Т.А. тараткандыгы аныкталды.

Андан сырткары 17-июнь күнү “Чоң-Казат” тобунун катышуучусу, учурда Орусиянын Москва шаарында жашап жаткан Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун 1988-жылы туулган М.Т. аттуу тургуну кармалды. Ал "Ак Үйдү өрттөп эле ташташ керек болуп калды, тетиги жүз жыйырма депутат менен чогуу” деген пикирин аудио түрүндө тараткан. Бул эки факты Жазык кодексинин 310-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту (бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тиешелүү соттук-лингвистикалык экспертизалар дайындалып, жогоруда көрсөтүлгөн жарандарды кармоого багытталган тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп жатат", - дешти мекеменин маалымат кызматынан.

Ички иштер министрлиги эскертет! Атайылап жалган маалыматтарды тараткандар Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Ошондой эле интернеттен, мессенжерлерден кандайдыр-бир чагымчыл билдирүүлөрдү таратуудан алыс болууга жана ушуга окшош фактылар боюнча ички иштер органдарына 102 номери аркылуу маалымдоого чакырат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
zhaku2017
2020-06-22 19:22:55
Азыркы Соекнин кланы жакшылык алып келбейт.
+11
Aman_90
2020-06-22 19:48:30
Биз кыргыздар чымын осуруп койсо дагы президентке,бийлике куноону коё беребиз!Негизи озубуздун жашоо денгээлибизди ондош учун ар бирибиз озубуз мээнет,аракет кылышыбыз керек жана ниетибизди ондошубуз керек! "Эл онолмоюн эл башчылар онолбойт"
-7
Mamiev
2020-06-22 20:11:21
Aman_90,Туура өзүбүздөн башташ керек. Бирок чеч арада чыр болсо үйлөрүн орттосо деле президенттен үн чыкпайт. Коңшу өлкөлөрдүн президенттери эмне болсо жетип келет. Чечкиндүү тарс тарс сүйлөйт. Бизде президент спикер премьер баш болуп араң эле сүйлөшөт же туура эмес сүйлөйт. Эскилерди кайра жумушка орнотпой жаш жаңы муунду өлкөнүн өнүгүүсүнө изденген адамдарды алып келбейт
+18
aza84
2020-06-22 20:41:36
Азыркы бийлик бовой калды
+16
TalaCSKA
2020-06-22 22:59:27
Бийлик бир ууч адамдардын менчиги эмес!!! бийлик элдики бул баш мыйзамда эн биринчи жазылып турат!!!ачык айтып чыккандын баарын эле камай бересинерби?же эмне кыйратып иштеп жатасынарбы? трибунадан тантып койуп олтурасынар!же экономикадан осуш жок же вооружение жок! качанкыга чейин кошуналарга шылдын болуп жашайбыз? жексурлар силердин кылган ишинердин баары кагаз турундо! вообще уятынар жок экен! ушунча элдин убалынан кокпосонор анда каргышы силерге тийсин жаман бийлик адамдары!!!
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан