Биз социалдык тармакта

Кыргыз-Кытай чек арасы убактылуу жабылат

Кыргыз-Кытай чек арасындагы "Эркечтам" өткөрмө пункту 29-июнга чейин жабык болот. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Анда мындай чара 25-28-июнь күндөрү Кытайдагы "Ажыдаарлар кайыгы фестивалы" белгиленгендигине байланыштуу колдонулуп жатканы айтылат.

Бул мезгилде жүктөрдүн өткөрүлүшү дагы токтотулат.

Эскерте кетсек, "Эркечтам" өткөрүү жайы Кытай Эл Республикасынан Кыргыз өлкөсүнө товар ташуу үчүн гана өзгөчө алгоритмде 2020-жылдын 15-апрелинен баштап иштеп баштаган.


--

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан