Биз социалдык тармакта

"Ооруп жатканына карабай базарда соода кылып отургандарды милиция менен үйүнө таратабыз, болбосо камайбыз" дейт Балбак Түлөбаев

Бишкек шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев журналисттердин биринин суроолоруна жооп берип жатып, эл карантиндин эрежелерин сактабай жатат деп нааразы болду. Ал калк арасында ооруга ишенбей, талап кылынган нормаларды сактабай жүргөндөр көп экенине кейиген.

"Азыр базарларда ооруп жатса да соода кылып отургандар бар. Барып "кет, дарылан, ишке чыкпа" десең сен багасыңбы деп жаман көрүшөт. Кийинки аптадан баштап базарларга милиция кызматкерлери менен барып, ооруп жаткандарды аныктап үйлөрүнө жөнөтөбүз. Ага да болбой, кетпейм дегендер болсо камайбыз. Анпесе азыр өзүн гана ойлогондор бар экен, элди да ойлоп коюш керек да канча кишиге жуктуруп жатам деп", - деди Түлөбаев.

Ошондой эле ал июль айынын ортосуна чейин абалды байкап көрүшүп, эгерде оору аныкталгандардын саны азайбаса, шаарды кайрадан карантинге жабуу мүмкүн экенин кошумчалаган.

"Жок дегенде бир аптага жабыш керек болот го, азыркы күчөп жаткан чынжырды үзүшүбүз керек. Эл да бул ооруга олуттуу мамиле жасоо зарылдыгын түшүнсүн", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Elmiraattokurkyzy
2020-06-23 17:45:50
Саламатсыздарбы? Биз Ош базарында иштейбиз базарда соода жоок анан азыр оору жүрүп жатат кызым температура чыгып ооруп укол алдык 5,6 күн ошо күндөрү базарга чыкпай калдык и чыкпаган күндөргө дагы местага төлөйбүз бул жактан кызым ооруп бул жактан местага чыкпай туруп карыз болуп жүрөбүз. Менин суроом дүйнөдө азыр карантин болуп иш деле жоок ушундай учурларда бизге деле базарга иштегендерге жардам көрсөтүп жеңилдиктер кылып бериниздерчи (аренда местага арзаныраак кылып)
+4
kriss120
2020-06-23 20:05:38
Elmiraattokurkyzy, Булар эшектин тушосунда чечпейт.Оздорунун ботинкасынын боосунда чечалбайт курсагы мишайт етет.Булардан умут кылбагыла
+1
aminausman
2020-06-23 18:35:24
Базарда жыргаганынан отурушуптурбу баарынын кредиттери бар чыкса чыкпаса да аренда толотуп атсанар анан эмне болот куноону элге оодара койбой тартип жок адилеттуулук жок болсо ошентип ар ким оз арбайын согот да иш алпаралбай калдынар уят силер куноокорду издебей ошолорго жакшы жол корсотсонор эл силерди угат эле баардык кыйынчылыктан чыга турган жол болот ошол жолду тапкыла силерди ошол учун шайлаган да колунардан келбесе кеткиле корунгонду куноолобой
0
Adil18
2020-06-23 19:52:06
Мындай жетекчини дароо кызматтан алуу керек.
Элдин саламаттыгына куйуп жаткан болсон,базардагы ооундары учун толомдорун (Мисалы:7-8 кун чыкпаса дагы 1 айлык аренданы толобогуло деп элге кайрылып чык.!
Кредиттери бар,квартираларга толошу керек.Кунумдук тамак-ашы бар.
Балбак озун жакшы билесин.
Карантинде чет олкодон канча тамак-аштар келди? Сайтка тизмектеп чык!
Карантинде ун,картошка,май менен аз гана адамдар алды жардамдарды.
0
Adil18
2020-06-23 19:54:52
Жардам иретинде келген тамак-аштарды жоопкерчиликти сезип сайттарга тизмектеп чыкмаксынар.Андай кылган жоксунар.
Кайсы район,канчансы кочо,канчанчы батир таблица иштеп чыкмаксынар таза иштегенинерде жана татыктуу президент болгондо.
0
Adil18
2020-06-23 19:59:24
Бугунку кундо план менен эч ким иш алып барбайт жана жоопкерчилик жок.
Коррупция менен курошууну кийинки келе турган президент созсуз жасайт деп ойлойм.
0
urmat94
2020-06-23 20:34:07
2 ай унчукпай жатып берди эми бир жумада токтотуп коёсунарбы
+1
Sakubek
2020-06-23 21:03:22
Озун Кудай сезип алыптыр го тимеле
+1
altyn7776
2020-06-23 21:04:48
Базар гана эмес мечиттерди да жапкыла! Иттин олугу ошоерде го...ачып салгандан бери кобойду
-4
gitaris93
2020-06-23 21:10:51
altyn7776,дабдырабачы сен барбай эле кой мечитке. Мечитте сага орун жок
+3
Paol
2020-06-24 00:28:29
Тигинтип коебуз минтип коебуз дешип жаман тажатышты, биз коронавирустан эмес эле ачкадан өлөтурган болдук го.Силерден эч нерсе кереги жок болгону элди кыйнабагыла огранчиениелриди снимать эткила ошол чооон жардам Кудай алам десе вирусу жок эле алат
0
TIMON_BERKOWITZ
2020-06-24 07:36:34
Paol, кудай сактасын, бирок ооруну өз териң менен сезгенде көрмөксүң, лучше ачкадан өлгөнүм жакшы эле демексиң...
0
eddi.
2020-06-24 08:33:31
Хатыя бы хатыя бы деген балбакпы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан