Биз социалдык тармакта

УКМК имаратынын айланасына ташталган шектүү баштык боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүдө

"Социалдык тармакка Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имаратынын жанына шектүү баштык ташталган, ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаев отурган СИЗО тарапта", - деген билдирүү тарады. Баштыкта жарылуучу зат болушу мүмкүн деп белгиленип, ал талкууга алына баштаган.

Талкууга түшкөн бул билдирүү боюнча УКМКнын маалымат кызматынан билдирүү таратышты.

"22-июнда эртең менен УКМКнын имаратынын жанынан шектүү баштык табылган. Ал жерге сапёрлор чакырылып, алар имараттын айланасын текшерип чыгышып, жарылуучу зат табышкан жок. Ал эми баштык сапёрлор тарабынан жок кылынды. Азыркы учурда бул факты боюнча тиешелүү ыкчам иликтөө иштери жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aimani
2020-06-23 17:43:32
Жок кылынган баштыкта эмне бар экен?
+5
Adi010891
2020-06-23 18:36:28
Aimani,Эмне болмок эле, ичинде мусор болгондур УКМКнын ичинен чыкан. Мусорный ящике салгандан ээринип ошол жерге таштап койсо керекта отуп баратып
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан