Биз социалдык тармакта

Эртең жана бүрсүгүнү Жогорку Кеңештин пленардык жыйындары түз эфирде чагылдырылбайт

Жогорку Кеңештин 24-25-июндагы жыйындары түз эфирде чагылдырылбайт. Маалымат Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу тарабынан белгилүү болду.

"Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын мени менен контактта болгон кызматкерлеринин ПЦР-тесттери таза чыкканына карабастан, дарыгерлер үй карантинден бошотпой жатышат. Ошого байланыштуу Жогорку Кеңештин 24-25-июндагы жыйындары, тилекке каршы түз эфирде чагылдырылбайт. Күн тартиби, каралган маселелер жана добуш берүүлөрдүн жыйынтыктарын kenesh.kg сайтына жайгаштырып турууга аракет кылмакчыбыз. Кесиптештерим аралыктан иштешүүдө.

Ал эми 29-июнда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүшү күтүлүп жатат. Ошол маалга чейин кесиптештеримдин карантин мөөнөтү аяктаса, жылдын акыркы сессиялык жыйынын түз эфирден алып көрсөтүүгө аракет кылабыз", - деди ал.

Ошондой эле Ибраим Нуракун уулу Жогорку Кеңештеги коронавирус жуктуруп алгандардын саны азырынча өзгөрбөгөнүн кошумчалады. Эки депутат жана үч аппарат кызматкери обочо дарыланууда. Калгандары кезеги менен ПЦР-тесттен өтүү аракеттерин улантышууда.

Парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси коронавирус жуктуруп алганын 18-июнда кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан