Бүгүн, 24-июнда Москвада Жеңиш парады өтөт.
Анда Москванын Кызыл аянтындагы аскер парады, ошондой эле Кремль дубалындагы белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар коюу аземи болот.

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 23-июнда Москва шаарына иш сапары менен барган. Ал Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чараларга катышат.

Улуу Жеңиштин урматына арналган Жеңиш парады пандемияга байланыштуу 24-июнга жылдырылган.