Кечээ, 23-июнда Билим берүү жана илим министрлигинде Казакстандын университеттеринде ажыратылган гранттык орундар үчүн талапкерлер тестирлөөдөн өтүштү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бакалавриат программасы боюнча жалпы 20 адамдан арыз келип түшкөн, алардын 15и тестирлөөгө катышты.
Тесттин жүрүшү бардык санитардык талаптарды эске алуу менен уюштурулду. Эртең тандоо комиссиясынын отуруму өтөт жана акыркы чечим чыгарылат.
Сынактан өткөн талапкерлер Казакстандын мамлекеттик университеттерин жана адистиктерди өзү тандайт.