Ноокатта Найман суу сактагычына чөгүп кеткен адамды издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош облусунун Ноокат районунда 23-июнь күнү саат 18:50 чамасында Көк-Жар айылында жайгашкан Найман суу сактагычына 1965-жылы туулган эркек киши чөгүп кеткен.
Издөө иштерин жүргүзүүгө ӨКМнын 4 куткаруучусу тартылган.
24-июнь күнү издөө иштери улантылат.