Ибрагим Жунусов депутат кезинде сотторду кескин сындаган видеосун тартуулайбыз.
"Эмнеге тоок уурдаган адам камалат дагы, адамды өлтүргөн жаран камалбайт? Апасынын туулган күнүнө эки көлөч уурдаган адам эки жылга камалып, эки кишини өлтүргөн жаран бошотулду. Сот бийлиги президентти уят кылып жатат. Сот бийлигинин 90 пайызын жаңылаш керек. Мына ошондо элдин ишенимине киребиз", - деген Жунусов.