Биз социалдык тармакта

"Ишкердик объекттер талаптарды сактабай жатат". Бир айдан ашык убакытта Бишкектеги ишкердик объектилерине 2 миллион 528 миң сом айып салынды

"Урматтуу шаар тургундары, акыркы он күн ичинде COVID-19 диагнозу аныкталгандардын саны күндөн-күнгө өсүп жатат. Бүгүн, 24-июнга карата Бишкек шаарында илдетке чалдыккандардын саны 1334 адамга жетти, бул өлкөдөгү оору жуктургандардын 35 пайызын түзөт", - деди Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяны Кузнецова маалымат брифингде.

Ал белгилегендей, оорудан айыккандардын жалпы саны 471 адамды түзөт. 1609 адам үй карантининде. Бишкек шаарында коронавирустан 9 адам каза болду. Ооруга чалдыккандардын 418и ооруканаларга өздөрү кайрылышкан.

"Борбор шаарда эл топтоло турган бардык иш-чаралардын түрлөрүн өткөрүүгө тыюу салынган. Буга карабастан көпчүлүк ишкердик объектилердин жетекчилери жоопкерчиликти сезбей жатышат. 13-майдан 23-июнга чейин мобилдик бригада 8 миң 899 ишкердик объекттерин текшерип, алардын 1 176сына протокол түзүлүп, жалпы 2 миллион 528 миң сом айып салынды. Бардык ишкердик объекттердин жетекчилерине тиешелүү болгон санитардык нормаларды сактоо талап экенин дагы бир жолу эскертебиз. Муну сактабагандарды убактылуу жабууга туура келет", - деди вице-мэр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан