Биз социалдык тармакта

Президент жана расмий делегация мүчөлөрү өлкөгө кайтып, анализи чыкканга чейин обочолонушат

Президент Сооронбай Жээнбеков жана расмий делегация мүчөлөрү өлкөгө кайтып, анализи чыкканга чейин обочолонушат. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, расмий делегация өлкөгө кайтып келишкенде тийиштүү бардык шарттар аткарылат. Коронавирус жуктуруп алгандар 14 күн обочолонот. Президент жана башка адамдар дагы анализдери чыкканга чейин 3 күнгө обочолонууга чыгышат.

Бүгүн, 24-июнда Москвада Жеңиш парады өтүүдө. Анда президент Сооронбай Жээнбеков парадга катышуу үчүн бет кап тагынып, Кремлге келгенин көрүүгө болот. Бирок парадга катышуу үчүн келген башка өлкөнүн президенттеринин катарында көрүнгөн жок.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Сооронбай Жээнбеков жана аны менен барган Кыргыз делегациясы Москва шаарында коронавируска тест тапшырган. Президентти коштоп баргандардын экөөнөн коронавирус аныкталды.

Тагыраагы президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдон жана күзөт кызматынын бир кызматкеринен илдет аныкталды.

Сооронбай Жээнбеков Москвада өткөн парадга катышкан жок
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Ka2sr1
2020-06-24 16:34:47
Соке камалсын.
-6
Apyn8793
2020-06-24 16:46:59
Ит эле болгон экен да коштоп баргандарынан вирус чыгып))))
+8
Aimani
2020-06-24 17:02:05
Ошол жакта эле калсын. Киргизбеш керек. Вирусту көбөйүп
+2
aza84
2020-06-24 20:31:31
Жукса экен Сокеге дагы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан