Биз социалдык тармакта

Шашылыш билдирүү! 26-28-июнда күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

26-июндан 28-июнга чейин күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

26-июнда күндүз жана 27-28-июнда өлкөнүн аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 27-июнда күндүз жана 28-июнда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде мөндүр жаашынын ыктымалы бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 8…13°, күндүз 20…25°, тоо этектеринде түнкүсүн 5…10°, күндүз 18…23°, Талас облусунун өрөөнүндө түнкүсүн 7…12°, күндүз 20…25°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 12…17°, күндүз 25…30°, тоо этектеринде түнкүсүн 8…13°, күндүз 22…27°, Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 6…11°, күндүз 15…20°, тоолуу райондордо түнкүсүн 3…8°, күндүз 9…14° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4° сууктан …+1° чейин, күндүз 1…6° жылуу болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан