Биз социалдык тармакта

Базар-Коргондо элдин демилгеси менен көпүрө курулууда (фото)

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Кызыл-Суу айылында элдик демилге менен көпүрө курула баштады. Бул тууралуу Базар-Коргон райондук администрациясынан билдиришет.

"Могол айыл аймагынын Кызыл-Суу айылындагы тургундар демилге көтөрүп, алардын жашоо-турмушуна зарыл болгон көпүрөнү ашар жолу менен курууну чечип, ишти башташты. Бул ишке мамлекеттик органдар дагы көмөкчү болушту. Алсак, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан демилгелүү тургундарга колдоо иретинде товардык-материалдык жардам берилген. Буюрса, эл күткөн көпүрө курулуп, элдин кызыкчылыгына пайдаланылат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Adi010891
2020-06-24 22:56:02
Кайранган гана бир туугандарым, ушинтип оз арабабызды озубуз тартып журобуз. Озубуздун арабага кошуп жогору жактагы (байкуштардын) да арабасын суйройт экенбиз. Копуро бутсо ал (байкуштар) да келишет, антип койдук минтип койдук деп
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан