Бүгүн, 25-июнда парламентте "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоору экинчи окууда каралат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
Бул мыйзам долбоорунун демилгечилери депутат Гүлшат Асылбаева жана Айнура Осмонова. Долбоордо интернет колдонуучулардан баштап сайттын кожоюндарынын, интернет-провайдерлердин укук-милдеттери жазылган. Эгерде, кандайдыр бир сайтка же баракчага чындыкка дал келбеген маалыматтар жарыялана турган болсо, өкмөт дароо блокко салат жана ал жоопко тартылат.
Социалдык тармактарда бул мыйзам долбоорун артка чакыртып алуу сунушталууда.
Буга чейин аталган мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылган.
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйыны түз эфир берилбей, журналисттерсиз өтөт.
Жогорку Кеңештин 24-25-июндагы жыйындары түз эфирде чагылдырылбай турганын парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу билдирген.
"Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын мени менен контактта болгон кызматкерлеринин ПЦР-тесттери таза чыкканына карабастан, дарыгерлер үй карантинден бошотпой жатышат. Ошого байланыштуу Жогорку Кеңештин 24-25-июндагы жыйындары, тилекке каршы түз эфирде чагылдырылбайт", - деп социалдык тармактагы баракчасына Нуракун уулу жазып чыккан.