Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңештин жыйыны түз эфирде көрсөтүлөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу билдирди.
"Бүгүн Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын бир операторунун ПЦР-тести кайрадан таза чыкканына байланыштуу парламенттин жыйынын түз эфирден көрсөтүүнү калыбына келтирмекчибиз. Кечээги жыйын чагылдырылбай калганы үчүн кечирим сурайбыз", - деп жазды Ибрагим Нуракун уулу.