Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңеште "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоору каралды.
Депутат Мирлан Жээнчороев бул мыйзам долбоору демократияга коркунуч алып келерин айтты. "Авторитардык өлкөлөрдө мындай мыйзам жок. Бул мыйзамды кабыл албаш керек. Аталган мыйзам долбоору пайдасыз мыйзам. Бул демократияга коркунуч алып келет. Шайлоо алдында алып чыккан мыйзам", - деди Жээнчороев.
Депутат Дастан Бекешев дагы эл өкүлдөрүн бул мыйзам долбооруна каршы добуш берүүгө чакырды.