Биз социалдык тармакта

Бишкекте бала багып алуучуларды туура тандоо боюнча окутуу өткөрүлдү

Учурда республикада 34 үй-бүлөдө ата-энесинин камкордугусуз калган 63 бала тарбияланууда. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Анда ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үй-бүлөлүк чөйрөдө өсүү үчүн убактылуу багып алуучу үй-бүлөлөрдүн кызматын өнүктүрүү боюнча активдүү иш алып барылып жатканы айтылат.

"Балдарды тарбиялоонун үй-бүлөлүк формасы өлкөдө артыкчылыктуу форма экендигин эске алуу менен Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги "Балалык институту" коомдук фонду менен биргеликте потенциалдуу багып алуучу ата-энелерди тандоо тууралуу окутуу уюштурду. Окутуу тренинг түрүндө өтүп, оор кырдаалга кабылган балдар жана үй-бүлөлөр үчүн багытталган долбоор каралды", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан