Биз социалдык тармакта

"Менин жүрөгүм ооруп жатат ушундайларды көрүп алып". Курмангазы Азыкбаев жаңы кабыл алынган мыйзам долбоору тууралуу оюн айтты

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Курмангазы Азыкбаев Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоору боюнча социалдык тармактагы баракчасы аркылуу түз эфирде өз оюн айтты. Анда ал мыйзамдын демилгечилерин жана аны колдогон депутаттарды сынга алган.

"Саламатсыздар, урматтуу мекендештер. Мен Жогорку Кеңештеги талкууга көңүл бурайын дедим эле. Ичим күйүп, каным чуркап башыма чейин жетип кетти. Бул депутат Гүлшат айым кыргыз элинин душманы болуп атпайбы. Бул же кыргызча билбесе, кантип кайсы партия алган аны? Бир ойлонбойсуңарбы! Сөздүн эркиндиги деген болот да. Элдер өз оюн айтат. Анын акчасы толтура экен. Ошол жакка барып отуруп, кыргыз элине залакасын тийгизди. Эгер кыргызча билбесе, кыргыз элинин тарыхын, санжырасын, салтын, наркын, насилин, үрп-адатын билбегендерди эмне кыласыңар ошол жакка алып барып?

Менин жүрөгүм ооруп жатат ушундайларды көрүп алып. Эки сөздү кошуп кыргызча сүйлөй албагандарды эмне үчүн алды? Кичине уялсаңар боло. Бизде сөз эркиндиги деген бар да. Эмне үчүн парламентте кыргыз тилин, Манас атабыздын түпкү өзөгүн, тарыхын, санжырасын билбеген аялдар отуруп, бизди башкарышы керек", - деген эл артисти.

Курмангазы Азыкбаев 1995-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти жана 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамдарын алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
JaneEr
2020-06-26 11:35:06
Туура.120 кой жон эле ичип жеп журушот кутуруп
+10
Adi010891
2020-06-26 11:40:59
Мен ушу жашка чыгып койлордун эчкиче маараганын, же эшектин жылкыча кишенегенин уканым жок туугандар. Биздин 120 мал онорлу мал экенда корсо
+8
alishsapan
2020-06-26 11:52:21
Бул арды 120 кой деп айтабыз койдун да пайдасы тийет элге.Ак үй,көк үй,сот булардын баары ДАЖАЛ элди оңой эле алдап койот
+6
Kyrgyz_bloger
2020-06-26 12:32:49
Туура кыргызча уйронбосо шерменде,башка улут болсо дагы бир жон,менин оюмча бул мыйзам иштебейт биз эмес Эвропа олколорундо курошо албай жатат фейктер менен.
+4
Aimani
2020-06-26 13:07:01
Kyrgyz_bloger,улуту казак экен. Кыргызстанда бардык улуттар кыргызча билүүгө тийиш. Тем более паламентте отургандар.
+4
Nur777
2020-06-26 14:49:16
Бул аял казак болсо балээни билеби кыргызча,килтейген казак диаспорасынын башчысы...какендер оной менен тилин бербейт!
+3
ilgizk
2020-06-26 16:24:30
Бир экөөнө соска кылып койсо керек да ...
+2
pero5184
2020-06-27 00:04:23
Үйрөнсүн уят,уят.
0
al-abu-kinesz
2020-06-27 01:51:34
Оо шору каткан кыргызым аа
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан