Биз социалдык тармакта

Бишкекте жолдошу тарабынан барымтага алынган аялды куткарган милиция кызматкери кайтыш болду

Жолдошу тарабынан барымтага алынган аялды куткарган Биринчи Май РИИБинин 5-бөлүмүнүн башчысы Эркин Жаанбаев кайтыш болду. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Улан Жумаков маалымдады.

Эркин Жаанбаевдин эмнеден улам каза болгонун тактоо үчүн Бишкек ШИИББине байланышканыбызда, азырынча маалымат жок экенин айтышты.

17-июнда Бишкектеги Ден-Сяопин көчөсүндө мас абалындагы жаран аялын барымтага алган. Анда ал аялынын моюнуна бычак такаган. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышып, Эркин Жаанбаев мас киши менен кармашып, кармашуунун техникаларын пайдаланып аны куралсыздандырган. Андан кийин кармалган жаран Биринчи Май РИИБине жеткирилген. Ал эми жабырлануучу аялга "Тез жардам" кызматы чакыртылып, ал Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген. Кийинчерээк аял каза болгон.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
tynar92kg
2020-06-29 11:16:33
Эмне болду милицияга... Башчылары кайкыш болуп эле... Жаткан жери жайлуу болсун...
+5
Eliza83
2020-06-29 13:21:01
Апеей, жаткан жери жайлуу болсун... Экообуз бир мектепти бутконбуз...
+3
Adi010891
2020-06-29 13:49:04
Ыйманы саламат болсун
+3
J1irg
2020-06-29 13:52:05
Жараткан Тенир жаткан жерин жай кылсын.
-2
taalay25
2020-06-29 14:20:27
J1irg,жоголчу тенирчи корунгон жерге кыпчылбай
+2
Ernisbii
2020-06-29 20:45:32
taalay25,сени эч ким бирдеме деген жок сенин да бабаларың теңирчи болгон.
-6
Aibek8992
2020-06-29 22:14:49
Ernisbii,бабаларын б-к жесе сен да жейсинби
+1
almir
2020-06-29 22:34:20
Aibek8992,чочко жесе чочко жеп бок жесе бок жемексин
+1
jaskaaa
2020-06-30 00:19:02
taalay25,Мен мусулманмын. Жана башка диндегилерди сыйлайм. Тенир деген Кудай деген эле соз. Мисалы арапча Аллах дегендей.
-1
nuraiym_kenzhebaeva
2020-06-30 12:01:09
jaskaaa, туура эмес ойлонуп жатасыз. Кудай деген башка, Тенир башка.
0
nuraiym_kenzhebaeva
2020-06-30 11:59:07
taalay25, ошо да. Кантип ушул катталуучуга арыздансак болот? Баардык жерде Тенирин айтып журот экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан