Биз социалдык тармакта

Бишкекте медиктер жетишпей жатат. Мэрия ыктыярчы дарыгерлерге муктаж

Борбор калаада COVID-19 жуктургандар көп катталгандыктан, медиктер жетишпей жатат. Мындан улам шаардык мэрия ыктыярчы-адистерди жардамга келүүгө чакырды. Акыркы күндөрү Бишкек шаары менен Чүй облусунда ооруга чалдыккандардын саны күн санап өсүүдө. Мындан улам шаардык мэрия ыктыярчы дарыгерлерге муктаж болууда.

"Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал чыңалып турат, медиктер, эпидемиологдор март айынан бери күчөтүлгөн режимде иштеп келүүдө. Алар чарчап, ооруп калып жатат. Мындай абалдан улам медиктер тартыш болууда. Биз кайдыгер эмес шаардыктарды, ординаторлорду, интерндерди, медиктерди жана вирусологдордун жардамга келишин өтүнөбүз. Бишкек медицина кызматкерлерине муктаж болууда", - деп айтылат мэриянын маалыматында.

Өлкөдөгү кырдаалга кош көңүл карабай, ыктыярчы болууну каалаган жарандар төмөнкү номерлерге кайрылуусу шарт: дарыгер Шакир Турсунбаев: 0558755577, 0554994949.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Aika1988
2020-06-29 10:37:10
Буга чейин Кытайдан дарыгерлер келген эле ал убакта аз болчу вирус жуктуруп алгандар.Эми көбөйүп кетти эми келишпейби.
0
Rusi79
2020-06-29 16:50:35
РФ да журобуз да темселеп айлык аздыгынан,иштеп бермекмин эл учун ушундай кыйын кырдаалда КР да болгондоо.
+1
Krai
2020-06-30 18:02:59
Урматтуу дарыгерлер!!! Ушундайда жардамынарды көрсөткүлө. Элди сактап калгыла болушунча жардамынарды аябай салымынарды кошкула.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан