Бишкек шаарынын тургуну Светлана Абдылдаева: “Үй-мүлкүнөн ажырап калган 2 миң 40 үй-бүлө алардын соттук иштери боюнча адилеттүү чечим чыгышын жана аймактарда атайын комиссия түзүлүшүн талап кылат”, - дейт. Анын айтымы боюнча, Талас, Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарында тез арада атайын комиссия түзүлүшү керек.
Кененирээк "Супер-Медиа" маалымат борборунда эртең, 30-июнь күнү саат 11:00дө боло турган маалымат жыйындан биле аласыз.
Катышуучулар:
Светлана Жумадылова, Бишкек шаарынын тургуну;
Амантур Асепов, Ат-Башы району;
Жумакан Өмүрзакова, Чүй облусу;
Тынчыбек Жайыков, Тоң районунун тургуну;
Асель Мусаева, Чүй облусунун тургуну.
“SUPER MEDIA” маалымат борбору пандемияга байланыштуу онлайн режимде маалымат-жыйындарды өткөрөт. Пресс-борбордун иш-аракеттери бардык санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоо менен өткөрүлөт. Буга ылайык журналисттер маалымат-жыйындарга катыша алышпайт. Түз эфирдин видеолору талаптарга жараша ЖМКларга берилет. Маалымат-жыйындардагы бардык маалыматтар анонс, жаңылык, түз эфир, видео түрүндө SUPER.KG порталына жүктөлөт.