Биз социалдык тармакта

"Тез жардам", мобилдик топ чакырууларга барууга үлгүрбөй жатат, өзүңүздөр жакынкы медпунктка кайрылууга аракет кылыңыздар" деди министр

Өлкөдө коронавирус боюнча абал курч. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов айтты. Айтымында, 118 жана 103 номерлерине чалуулар өтө көп болуп жатат. Мобилдик бригадалар менен "Тез жардам" кызматы ар бир чакырууга барганга үлгүрбөйт.

"Ошондуктан мен жарандарга айтат элем, үйдө мобилдик бригаданы же "Тез жардам" кызматын күтүп убакытты өткөрбөй, жашаган жериңиздерге жакын болгон медициналык пунктка кайрылып, ал жактагы дарыгерлерден консультация алыңыздар. Дарыгерлер бейтаптын абалына текшерүү жүргүзүп, ооруканага жаткыруу муктаждыгы болсо, анда аны ооруканаларга жөнөтүшөт. Ал эми оору жеңил формада болсо, бейтаптын абалы кооптонбой тургандай болсо ага үйдө дарылоо жолдорун түшүндүрүү менен үйлөрүнө жөнөтүшөт. Алар дарыгерлер менен байланышта болуп турушат.

Эч качан өз алдыңарча дарыланбагыла. Бул кесепеттүү көрүнүшкө алып келиши мүмкүн", - деди министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
kechirmeni
2020-06-29 16:05:12
Урматтуу министр мырза кечирип коюнуз,температура болуп кайсы клиникага кайрылба эч ким кабыл албайт,откондо эле озунуз кубо болдунуз ,ошол себептен да откондо бир замандашыбыз отуп кетти го
+2
Kylychisa
2020-06-29 16:26:10
Кыскасы озунорду озунор эптегиле дептир да . Бизде баары жогору жактан сасыган да убагында азыр деле...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан