Биз социалдык тармакта

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкуловдун апасы каза болду

Бүгүн, 29-июнда 78 жаш курагында Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкуловдун апасы Жибек Аманкулова узак убакытка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.
"Маркум үй-бүлө мүчөлөрү жана туугандары үчүн камкор эне, сүйүктүү жубай жана чыныгы дос болгон. Бул орду толгус жоготуунун кайгысы менен тең бөлүшөбүз", - деп жазылган билдирүүдө.
Жибек Аманкулова 1942-жылы 22-июлда Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Алмалуу айылында туулуп өскөн.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Жибек Аманкулованын каза болгондугуна байланыштуу анын үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан