Биз социалдык тармакта

Курортология: "Бизде пневмония менен ооруган адамдар үчүн орун жок"

Таш-Дөбөдөгү Курортология институтунда азыркы учурда пневмония менен ооругандарды жаткыруу үчүн бош орундар жок. Бул тууралуу аталган мекеменин жетекчиси Марат Сагымбаев билдирди.

Эске салсак, өкмөт пневмония менен ооругандар үчүн кошумча керебеттер келген ооруканалардын тизмесин жарыялаган болчу. Дал ушул тизмеде аталган оорукана дагы бар, анда 120 кошумча орун бар деп жазылган. Өкмөт орундардын жетиштүү экендигине ишендирүүдө.

Ал эми директордун айтканы боюнча, бул маалымат чындыкка дал келбейт. Институтта 110 гана керебет бар, алардын бардыгы бош эмес.

"Бейтапка даараткана, суу, шарт керек. Коридордун аягында бизде бир эле даараткана бар болчу, мындан улам көптөгөн бейтаптар менчик клиникага кетип калышчу. Биз жетекчиликке бейтаптар үчүн эч кандай шарт түзө албай жатканыбызды билдирип келгенбиз. Ошондуктан 110дон ашык керебет сунуштай албайбыз", - деди институттун директору.

Сагынбаевдин айтымында, алардын дагы алты бөлүмү бар, бирок алар биринчи жана экинчи топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн борбор болуп саналат. Аларды көчөгө чыгарып сала алышпайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Juliakalt
2020-06-29 19:46:50
Окмот деген неме, жардамага келген акчаны ошондой керекту керевет, дары дармектерди алып даярдап койсо болмок да! Дуйно жузундо эмне болуп жатканы так маалым эле го ?! Биз даярбыз, биз даярбыз деп жатпадынар беле ? Кана даярдыгынар ?
+7
Juliakalt
2020-06-29 19:50:53
Анан калп эле элдин башын айландырып, бул жакта орун бар, тиги жакта орун бар дешип! Каяка чачтынар жардамга келген акчаны ??
+7
talaa11
2020-06-29 20:29:59
Короче Окмот элдин башын айлантып бир жолу алдап бутту. Жардамга деп келген акчаларды башка жака жумшап жатышат
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан