Президент Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 29-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Гурбангулы Бердымухамедовду туулган күнү менен куттуктап, ага бекем ден соолук, бакыт-таалай жана жооптуу мамлекеттик ишмердигине жаңы ийгиликтерди, ал эми боордош Түркмөнстан элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалаган.

Мамлекет башчылары кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын келечектүү маселелерин талкуулашты, ошондой эле эки тараптуу өз ара кызматташууну арттыруу боюнча биргелешкен пландарды белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан