Бишкектеги Ленин райондук Ички иштер башкармалыгынын оперативдик кызматкери, милициянын улук лейтенанты Бердибай Элакунов өзүнүн кызматтык милдетин аткарып жатканда COVID-19 илдетин жуктуруп алып, илдеттин оор түрүнөн улам бүгүн, 29-июнда ооруканада мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Маалыматты Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Ал буга чейин видео тартып, коронавирус илдети коркунучтуу экенин айткан.
"Бердибай Элакуновдун каза болгондугуна байланыштуу үй-бүлөсүнө, жакындарына жана кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтабыз", - деп жазылат маалыматта.