Индиянын Гоа штатындагы жол кырсыгында Кыргыз жараны каза тапты. Бул тууралуу маркумдун сиңдиси социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан.
Анда ал 38 жаштагы эжесинин сөөгүн мекенге алып кетүү үчүн аракеттерди көрүп жатканын билдирген.
Ал эми индиялык басылмалардын жазган маалыматы боюнча, А.А аттуу улуту кыргыз аял автоунаасы менен бара жатып бакты сүзүп, андан ары унаа дарыяга кулап түшкөнү айтылат. Кырсыктын кесепетинен ал окуя болгон жерден каза болгон.
Окуя тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн элчилигине кабарланганы маалымдалат.