Кечээ, 30-июнда 60 жашка караган курагында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ардактуу кызматкери, Гидрометеорология боюнча агенттигинин Нарын гидрометеорология борборунун башчысы Иманбаев Анварбек Шадыканович мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Анварбек Шадыканович 1960-жылдын 25-сентябрында Нарын облусунун Нарын районундагы Миң-Булак айылында туулган. Ташкент гидрометеорологиялык техникумун аяктаган соң 1983-жылдан тартып Кыргызгидрометте эмгектенип келген. Алгач метеоролог, гидролог кызматтарында, ал эми 1994-жылдан тартып Нарын гидрометеорология борборун жетектеп келген.